Нарында жергиликтүү тургун маңзат колдонуп жаткан жеринен кармалды

Нарында жергиликтүү тургун маңзат колдонуп жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-февраль күнү саат 13:30 чамасында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Нарын шаарынын 31 жаштагы тургуну Т.А. өзүнүн үйүнүн короосунда маңзатын колдонуп жаткан учурда кармалган. Ошол жерден өзү отурган отургучтун астынан жана очоктун ичинен целлофанга оролгон, өңү жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар 194 грамм маңзаты алынган. Андан соң кылмышка шектүү Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө алынып келинип, калыстардын катышуусунда өздүк кароо жүргүзгөн учурда кийип жүргөн күрмөсүнүн чөнтөгүнөн маңзатты колдонуу үчүн колго жасалган темир түтүк буюм табылган. Учурда бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан