Айылдашын сабап өлтүрүп, талаага көмүп койгон балдардын ишин Ош шаардык соту кароодо

Айылдашын сабап өлтүрүп, талаага көмүп койгон балдардын ишин Ош шаардык соту кароодо. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына маркумдун жакындары билдиришти.

Маалыматка караганда, сот отуруму алгач 17-январга, кийин 27-январга белгиленген. Бирок жабырлануучу тараптын ооруп калгандыгына байланыштуу 10-февралга жылдырылган. Азыркы тапта Ош шаардык соту ишти кароодо.

Айта кетсек, 2016-жылдын 4-сентябрынан 5-сентябрга караган түнү Кара-Суу районунун Жапалак айылында болгон. Анда 1994-жылы туулган Нурсултан Насировду өзү теңдүү айылдаш балдары сабап өлтүрүп, талаага көмүп коюшкан. Бул окуядан кийин маркумдун эжеси милицияга арыз менен кайрылып, инисинин дайынсыз экенин айткан. Бул факт боюнча ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде 10-октябрь күнү маркумдун жансыз денеси табылган. Ал эми 20-ноябрда кылмышка шектүү катары 5 бала кармалган. Алардын айтымдарында, ич ара келишпестиктен улам Нурсултан Насировду көптөп сабап, өлтүрүп коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
pixduel1
2017-02-11 04:12:56
Ушундай окуялар кундон кунго осуудо, жаштар бир аз акыл эстуу бололу.Ушинтип олтурсак кимге пайда кимге зыян.Кызуу кандуулук жакшылыка алып барбайт! Бир нече бала кармалыптыр кантип бироо кой дебейт? Окунучтуу...
+2
Baatur7777
2017-02-11 22:21:53
Андай жаштарыбыз интернетти окубаса керек
0
DNurgiza
2017-02-13 08:40:52
Башкуш аай, жапжаш эле бала экен.....((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан