Сокулук районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 8-февраль күнү саат 02:30 чамасында Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 13-чакырымында болгон. Анда белгисиз айдоочу жөө адамды сүзүп, жардам көрсөтпөстөн из жашырып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу кырсык болгон жерден жан берген. Патрулдук милициянын кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары Тойота Камри унаасынын айдоочусу, 1995-жылы Талас облусунда туулган Э.Т. аттуу жаранды кармашкан. Учурда топтолгон материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.