Кара-Суу районунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 28-январь күнү болгон. Анда белгисиз адам 49 жаштагы С.Г. аттуу жергиликтүү тургундун үйүнүн жанында токтоп турган автоунаасын айдап качып кеткен. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.