Бүгүн, 13-февралда борбор калаада Рыскулов менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Lexus үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Volkswagen унаасы эки жолдун кесилишинде кагылышып, жараксыз абалга кептелди. Окуянын күбөлөрү "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Кырсыктан оор жаракат алгандар болгон эмес.
Учурда жол кырсыгынын себептерин Патрулдук милициянын кызматкерлери иликтөөгө алууда. Азырынча кырсыкка кайсы унаа себепкер болгону аныктала элек. Тартип сакчыларынын айтымында, жол чырак иштеп турган.