Ысык-Ата районунда эки унаа сүзүшүп, 5 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-февралга караган түнү саат 01:05 чамасында Мерседес Бенц 230 жана Ауди 80 үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.
Жол кырсыгынан 4 адам жеринде жана 1 адам ооруканада каза болушкан. 1 адам оор жаракат алып, Ысык-Ата райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.