Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын уюшкан кылмыштуу тобуна каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 31-январында борбор шаардын Октябрь районунун аймагында Талас облусунун тургуну, Сокулук районунда жашап жаткан 31 жаштагы Р.Б. кармалган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 13-февралда билдирди.

Аталган жаран ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

"Бишкек шаарынын Скрябин көчөсүндөгү №76-үйдүн маңдайында жайгашкан унаа токтотуучу жайда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, кармалган Р.Бга тийиштүү БМВ-735 унаасы издөөгө алынган. Унаанын айдоочунун отургучунун астында "Макаров" мылтыгы 4 огу менен табылган. Ошондой эле анын өзүн текшерүүгө алганда шымынын оң чөнтөгүндө 7 грамм гашиш табылган", - деп билдиришкен башкармалыктан.

Бул факт боюнча Биринчи Май РИИБи Кылмыш-жаза Кодексинин 241 жана 246-беренелери боюнча кымыш иши козгогон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Doni99
2017-02-13 15:50:05
Gashish emne ?
Narkotikpi?
0
ekaterinburg
2017-02-13 16:19:15
Doni99,бир туру,чегуучу наркозат..Менде ошондой бар эле деп алба))
+4
baha.kg.ru
2017-02-13 16:58:45
Саламтсыздарбы
А эмнеге ушундай кылмыштарда аты жонун толук жазбайстар.
+1
Barchynbek
2017-02-13 21:42:30
baha.kg.ru,Биздикилер атын чыгарса набарот мактанып алышат уялгандын ордуна.кыйратып койгонсуп
0
Sema87
2017-02-13 17:55:15
мынча ХХХ адам Аллах жазанды берсин сенин
+1
bond02
2017-02-13 22:41:18
Макаров мылтыгы де.
+1
Joomartbek
2017-02-13 23:00:37
bond02, Деп койдуда..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан