Токтогул районунун тургуну ири өлчөмдөгү маңзат менен кармалды

Токтогул районунун тургуну ири өлчөмдөгү маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Токтогул районундагы Жаңы-Өзгөрүш айылынын 33 жаштагы тургуну жашаган турак үй ыкчам маалыматтын негизинде текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында 33 килограммдан ашык марихуана жана 6 килограммга жакын гашиш табылган. Шектүү табылган маңзаттарын өзү колдонуу үчүн даярдап койгонун айткан. Учурда кылмыш иши козголуп, 33 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Lion.
2017-02-13 20:00:42
Байкуш кайсы шорду тушуп калдыкен ((
+4
KgEka
2017-02-14 01:41:33
Lion.,Бооруң ооруп кетип жатабы?))
0
Riokyrgyz
2017-02-13 23:07:42
Андай кармай турган болушса келипикара куурайды туп тамыры менен жок кылып кетишпейби,жылына атайын жок кылуу учун болунгон акчаларды сол чонтокко айдабай.
Лично мен ушул айылдын тургунумун,бизде акча табуу учун жумуш ордулары жакшы тузулгон эмес,айласыздан ушул кадамга барышат да.ХХХ
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан