Үстүбүздөгү жылдын 26-январь күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 83 жаштагы М.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 26-январь күнү Бишкек шаарындагы 4-кичирайондогу үйдүн жанынан өздөрүн Орусиянын президенти В.Путин атындагы комиссиянын мүчөлөрү катары тааныштырып, пенсия курагындагы карылардын ишенимине кирип 939 миң 39 сомун алып кетишкен. Алар жабырлануучуларды пенсия курагындагы жарандарга материалдык жардам беребиз деп ишендиришкен.
Бул кылмыш ишин Октябрь РИИБи каттоого алып КРнын Кылмыш жана Жаза кодексининин 166-беренесине ылайык, "алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Аталган кылмышка тиешеси бар деп 1981-жылы туулган А.Т., 1975-жылы туулган Н.К. уулу, 1991-жылы туулган Ш.М., 1980-жылы туулган В.М. жана Өзбекстандын жарандары: В.Л., 1990-жылы туулган Т.Т ., 1959-жылы туулган А.М., 1982-жылы туулган Н.М., кармалышкан. Кылмышка шектүүлөр Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, үйлөрүнө тинтүү иштери жүрүүдө.
Бул топтун Бишкек шаарынын аймагында башка кылмыштарга да тиешеси бар болушу мүмкүн. Ошол себептен башка дагы 5 кылмыш фактысы боюнча көрсөтмө беришүүдө.
Сүрөттөгү шектүүлөрдөн жабыр тарткан жарандарды милиция кызматкерлери Октябрь РИИБине 0772 180 809, 0553 888 885 телефондору аркылуу кайрылуусун суранат.