Кара-Суу районунда "Хизбут-Тахрирдин" активдүү мүчөлөрү кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда "Хизбут-Тахрирдин" активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 14-февралда билдирди.

Маалыматка караганда өткөн жылы сентябрь айында Ош шаарындагы мечиттердин биринин имамы кармалган. Тинтүү учурунда алынган материалдар тийиштүү экспертизага жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында алар "Хизбут-Тахрир" уюмунун жана ИГИЛдин идеяларын пропаганда кылат деген чечим чыккан. Факты боюнча кылмыш иши козголгон эле.

Ошол кылмыш иштин алкагында ушул жылдын 10-февралында Кара-Суу районундагы кафелердин биринен аталган уюмдун активдүү мүчөсү катары 8 адам кармалды. Үчөөсүнүн жашаган жери текшерилип, экстремисттик мүнөздөгү видеоматериалдар алынды. Алардын бири Т.И. буга чейин экстремизм боюнча кылмыш жообуна тартылганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2017-02-14 11:31:39
Alibek-0001, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан