Өлкө аймагында бир суткада 20 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 23 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Ош облусунда 3, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 2, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы болгон.
Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон. Министрлик жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.