Ысык-Көлдө рейд жүрүп, 20 килограммдан ашуун баңгизаты алынды

Ысык-Көл облусунда баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү жана колдонууга көмүскө жайларды уюштургандарга каршы ыкчам иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара учурунда 12 факты баңгизаттары менен байланышкан кылмыштардын бети ачылып, мыйзамсыз сатууда 28 килограмм 689 грамм баңгизаттардын ар кандай түрлөрү алынган. Андан тышкары, мурда катталган 24 кылмыштын бети ачылып, тергөө жана сот органдары тарабынан жарыяланган 12 адам кылмыш жообунан качып жүргөн жеринен изделип кармалган.

"Каракол-Бишкек жолунда 32 жаштагы Түп районунун Долон айылынын тургунунун жанынан 9 ширеңке кутучасына салынган гашиш баңгизаты табылган. Ошондой эле Ак-Суу районунун Жол-Колот айылынын тургуну үйүндө ири өлчөмдө мыйзамсыз баңгизатын сактап жүрөт деген маалымат түшүп 27 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Анын үйүнөн 6 килограмм 700 грамм марихуана табылган. Түп районунун Сары-Тологой айылынын 41 жаштагы тургунунун үйүндө кароо жүргүзүлүп, темир идишке салынган 17 килограмм марихуана баңгизаты табылган. Учурда факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан