ӨКМ: Чаткал-Ала-Бука жолунда кар көчкү түшүп, бир жеңил унаа кар алдында калды

Чаткал районунда кар көчкү түшүп жеңил унаа кар алдында калды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука-Чаткал-Кировка унаа жолунун 92-чакырымында көлөмү болжол менен миң метр куб кар көчкү түшкөн. Кырсыктан Subaru Legacy үлгүсүндөгү жеңил унаа кар менен кошо 5-6 метр жерге сүрүлүп, карга бир аз басылып калган. Унаада айдоочу гана болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда айдоочу жабыркаган эмес. Окуя бүгүн, саат 14:45 чамаларында орун алган.

Учурда ӨКМнын Чаткал райондук бөлүмү жана "Тез жардам" кызматы кар көчкү түшкөн аймакка жөнөп кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirsapar
2017-02-14 17:48:23
Кар тынымсыз жаап жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан