"Космопарк" борборуна жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат тараткан жаран аныкталды

"Космопарк" борборуна жардыруучу зат коюлганы тууралуу милицияга маалымат тараткан жаран аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, "Космопарк" борборуна бомба коюлганы тууралуу маалымат 14-февраль күнү саат 19:20 чамасында келип түшкөн. Мындан улам имарат курчоого алынып, Бишкек ШИИББинин, Октябрь РИИБинин, УКМКнын кызматкерлери текшеришкен. Жыйынтыгында жардыруучу зат табылган эмес. Кийин маалымат тараткан жаран "Космопарктын" күзөтчүсү экени аныкталып, суракка алынган. Ага бомба тууралуу маалыматты 1997-жылы туулган М.Э. аттуу тааныш кызы айткан. Ал эми М.Э. ошол күнү саат 14:00 чамасында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ашканасында белгисиз эки адамдын "Кечинде "Космопаркта" теракт болот" деп сүйлөшүп жатканын угуп калган. Учурда белгисиз эки адамдын өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан