Чаткалда кар көчкү кен казуучулардын ашканасын басып калды, жабыркагандар бар


Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 2017-жылдын 14-февралында саат 08:00 чамасында Каныш-Кыя айыл аймагында тоо-кен казуучу "Кичи Чаарат" ЖАКнын ашканасы менен жатаканасынын аймагына кар көчкү түшүп басып калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын натыйжасында Кытай Эл Республикасынын 1 жараны жеңил жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 1400 метр кубду түзөт. Жабыркаган ашкана жана жатакана бөлмөлөрү ишкана тарабынан калыбына келтирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tyty1990
2017-02-15 15:23:01
Бийликтегилер муну да учунчу куч жасады дебесе болду. Жардам бергиси келбей
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан