Бишкекте Түштүк Кореяга виза ачабыз деп тургундан акча алып, аны алдап кеткендер кармалды

Бишкекте Түштүк Кореяга виза ачып беребиз деп тургундан 7 миң доллар алып, ошол бойдон из жашырып кеткендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-февраль күнү милиция кызматкерлерине 44 жаштагы А.Ц. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда 2016-жылдын 16-февралында Жоомарт жана Сайкал аттуу эки жаран Түштүк Кореяга виза ачып беребиз деп А.Цдан 7 миң доллар алып, кийин из жашырып кетишкен. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү катары 26 жаштагы С.Ж. жана 52 жаштагы Б.С. кармалган. Учурда "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр №1 СИЗОго киргизилди. Алар мындан башка дагы алдамчылык фактыларына шектелүүдө.

Буга чейин, Марат Акылбеков аттуу жаран кайрылып, "Бишкек Альянс" компаниясынын Сайкал, Жоомарт аттуу кызматкерлерине Кореяга виза ачтыруу үчүн 6000 АКШ долларын берип, жыйынтыгында алданып калганын билдирген. Анын айтымында, керектүү документтин баары тез аранын ичинде даяр болуп, бир заматта Ким Анатолий деген корей ысымына ээ болууга да жетишкен. Чогулган жасалма документтерди алып Кореянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигине виза ачтырууга барган Акылбековго элчилик виза ачып берген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан