Калифорниянын тургуну өлүккананын 2 унаасын уурдаганы үчүн кармалды. Ал биринчи уурдалган унаадан адамдын сөөгүн таап алып, аны кайтарган. Бул тууралуу Los Angeles Daily News жазып чыккан.
Окуя 12-февралда Риверсайд шаарында орун алган. Жергиликтүү өлүккананын айдоочусу сөөктү унаага салып, аны ачкычы менен калтырып, документтерди алганга имаратка кирип кеткен. Ууру ошол замат унааны айдап качкан. Ичинен сөөктү көрүп, кайра кайтып барып, ошол эле мекеменин башка унаасын уурдоого аракет кылган. Бул ирет аны өлүккананын кызматкерлери жана биринчи уурдалган унаа боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан полиция кызматкерлери артынан түшүп кармап калышкан.
"Полиция өкүлдөрүнүн айтымында, ага сөөк уурдоо боюнча айып коюлбайт. Себеби ал атайын уурдаган эмес. Бирок эки жолу унаа уурдаганы үчүн жооп берет", - деп жазган басылма.