Германияда химиялык өндүрүштөрдү иштеп чыккан заводдо кислота төгүлүп, бир нече адам жабыркады. Алардын 4өө ооруканага жеткирилгени маалым болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Германиянын батыш тарабындагы Людвигсхафен шаарында химиялык заводдо кислота төгүлүп, 100гө жакын адам дем алуу органдарынан жабыркашкан. Куткаруу иштерине 130 адам тартылган. Кырсык учурунда шаар аймагында поезд, автобус жана башка каттамдар токтотулуп, окуу иштеринин графиги өзгөртүлгөн.
Аталган шаардагы BASF ишканасы немистердин ири заводдорунун катарына кирет. Химиялык аралашмалардын негизинде желим буюмдарды, химикаттарды, айыл чарба жана курулуш каражаттарын иштеп чыккан заводдо жарылуу болуп, күкүрт кислотасы күйүп, асманга зыяндуу ис көтөрүлгөн деп болжоп жатышат адистер.