Карганбек Самаков жана башкалардын иши боюнча мамлекеттик жактоочу: "Бакиевдер менен бир дагы жолу сүйлөшкөн эмесмин"

Бүгүн, 17-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун, мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудиновдун, мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдин, мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын иниси Жаныш Бакиев жана башкалардын иши боюнча соттук териштирүү уланды. Отурумдун жүрүшүндө жарыш сөзгө чыккан мамлекеттик жактоочу, бул иште Бакиевдердин күнөөсү жок экенин айтты.

"Мен ал кишилер менен бир да жолу көзмө-көз жолугуп сүйлөшпөсөм да, юрист катары бул иште алардын күнөөсү жок экенин көрүп турам", - деди мамлекеттик жактоочу.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Карганбек Самаковдун мүлкүн конфискациялоо менен 19 жылга, анын баласы Кубанычбек Самаковду 18 жылга эркинен ажыратууну сурады. Ошондой эле Искендербек Айдаралиев менен Игорь Чудиновду 11 жылга, Курманбек Бакиев менен Жаныш Бакиевди 18 жылга жана башка кылмышка катыштыгы бар адамдарды 18 жылга чейин камоону өтүндү.

Айта кетсек, Башкы прокуратура 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү жер тилкелерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөнү аяктап, ишти сотко жөнөткөн. Анда Карганбек Самаковго карата "коррупцияны уюштуруу", Жаныш Бакиевге жана Курманбек Бакиевге карата "коррупцияга көмөктөшүү", К.Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковго жана алардын 4 адамына карата "коррупцияны кошо аткаруучулук" беренелери боюнча айыптар тагылган.

Өкмөттүн "КРнын Аламүдүн районунун аймагындагы жерлерди которуу жөнүндө" мыйзамсыз токтомун чыгарганы үчүн мурунку премьер-министр Игорь Чудиновго, мурунку биринчи вице-премьер-министр И.Айдаралиевге жана мурунку Айыл чарба министри А.Ногоевге карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Istina1000
2017-02-17 14:22:01
Ак ийилет, бирок сынбайт. Бир канча убакыт чындык бекитилиши мумкун, а бирок чындык ачыкка чыкканда, баардык жалган, каралоолорду мойсоп кетет.....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан