Бишкекте бүгүн таңга маал иске ууланып каза болгон тургундун сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
"Маалымат саат 6:50дө Свердлов райондук ИИБнин тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Токтогонов тарабынан билдирилген. Келечек конушунун 2-көчөсүндөгү 18-үйдө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну 1972-жылы туулган жаран (фамилиясы такталууда) иске ууланып каза болгон. Үйдүн ээси Ж.Мадиярова", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Маалыматка ылайык, үйдүн 7 чарчы метр бөлмөсүндө матрас, электр чайнек, жууркан жана маркумдун кийими күйүп кеткен. Өрттүн чыккан себеби такталууда.