Кечээ, 16-февралда Аламүдүн райондук сотунда “катуу сабалып, зордукталды” делген 2 жаштагы баланын окуясы боюнча айыпталгандардын соту болду. Анда жарыш сөздөр айтылып, мамлекеттик айыптоочу жабырлануучунун атасынын агасын өмүр бою, ал эми анын аялын 15 жылга эркинен ажыратууну сурады. Кийинки сот отуруму 28-февралда болот.
Айта кетсек, 2015-жылдын 11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары баланын атасынын 47 жаштагы бир тууган агасы жана анын аялы эки айга камакка алынган. Кийин баланын атасы да камакка алынып, ал 2 жылга жатак-абагына кесилген.