Бүгүн, 19-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагынын Кожокелен айылында болжол менен саат 15:00дө кар көчкү түшүп, 1979-жылы туулган аялды басып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жергиликтүү жашоочулардын күчү менен саат 15:40та аялдын сөөгү табылды. Учурда каза болгон адамдын аты-жөнү такталууда. Окуя болгон жерге ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгып кетишкен.