Москвада Кыргыз жарандарынан пара талап кылган полиция кызматкери жумуштан айдалды

Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жарандарынан пара талап кылган полиция кызматкери жумуштан айдалды. Бул тууралуу Москва шаарынын прокуратурасы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 13-февраль күнү "Строгино" станциясында Кыргыз жараны аялы менен бараткан учурда полиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп, документтери текшерүүгө алынган. Анын жыйынтыгында аялдын Орусиянын аймагында жүрүү режимин бузганы аныкталган. Мындан улам алар полиция бөлмөсүнө жеткирилген. Ал жакта полиция кызматкери Евгений Ланщиков маселени чечиш үчүн 1500 рубль сураган. Бул факт боюнча Кыргыз жараны прокуратурага арыз менен кайрылган. Ал арыздын негизинде кылмыш иши козголуп, текшерүү жүргөн. Жыйынтыгында аталган кызматкердин пара талап кылганы аныкталып, ички иштер органдарынан айдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ekaterinburg
2017-02-20 09:53:44
Жайлаптыр.Эч болбосо ала жатайын дептир да бироосун.
+5
sultan89
2017-02-20 09:56:45
ekaterinburg,еми кыргыз мигранттарга
очошуп катуу текшербеселе болду...
+4
arena2014
2017-02-20 10:24:24
1500 рубль учун эми канчасына кыйын болоор экен аттин? Ошо акчаны жон эле ичип жок кылып жатасынарго
+5
arena2014
2017-02-20 10:26:15
Документинер начар экен депорт кылса эмне кылмак эленер?
+7
aseras
2017-02-20 11:09:01
Мыйзам чегин бузушу бузуп алып дагы аны иштен айдатып)).Эми депорт болосун же штраф толойсун очойгон суммада.Ошондо 1500руб берип эле чыгып келе бербей деп бармагынды тиштеп отуруп каласын.
-1
ulchana
2017-02-20 12:41:47
Туура эле кылыптыр,эми менттер ойлонуп иш кылатта.Адамдар онугуп жатышпайбы качанга чеин коркуп журобуз.Азыр баардыгы эле документтери таза.Кату текшерсе деле эч нерсе таппайт.Депорт кылса эмне кылмаксын депсинер ал деген эми бешене да
+4
Ali86
2017-02-20 13:04:53
Эми менттер акча берсен албайт документин таза чыкпаса депорт кылат канча кыргыз бул жакта нелегально иштер журот
+3
Msto005571
2017-02-20 13:23:06
Акча бербегиле документинер бар болсо ээн эркин тике карап жооп берип по закону чыгып кетсенер болот
+3
Barchynbek
2017-02-21 03:35:48
Уже кыргыз таксистерди кысып баштады.канчасы туурамес дакумент менен айдайт.балдардын кообу ишке чыкпай жатышат чайханаларда чай ичишип наалып отурушат иштей албай жатабыз деп.бир машинаны эки адам смен менен арендага айдашатда.кыйын эле болду эптеп жургон жандарыбызга
0
Naiman24
2017-02-21 09:47:19
Ойлонуп иш кылса болмок екен "акылдуу" корунгон кыкен. Ментер очошуп канчасын айдайтеми уйуно.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан