Өткөн суткада өлкөдө 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 4 өрт кырсыгы катталды.
Кечээ, 19-февралда саат 10:27 чамасында Өзгөн районундагы Кара-Дыйкан айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Натыйжада темир менен жабылган чатыр, 2 тонна чөп, 1 тонна тезек, толугу менен күйгөн. Өрт этиятсыздык мамиледен улам чыккан.