13-февралдан 19-февралга чейин өлкө аймагында 2175 кылмыш жана кырсыктар катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
"Кылмыш издөө багытында каталган 612 кылмыштын 390нун бети ачылган. Алардын арасында 3 каракчылык, 23 тоноо, 11 зордуктоо, 273 алдамчылык, 73 уурулук, 1 мал уурулук, 2 унаа уурдоо фактылары бар", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан бир жума ичинде мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 8 килограммдан көп маңзаты алынган.