Бишкекте 18 жаштагы кызды айдоочу унаасы менен сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен Баялинов көчөсү жана Жаш гвардия бульварынын кесилишинде болгон. Анда жолдон өтүп келе жаткан 18 жаштагы кызды айдоочу унаасы менен сүзүп алган. Жабыркаган кыз ооруканага жеткирилип, ал эми айдоочунун унаасы айып жайга токтотулду.