Ат-Башы районунда Кара-Коюң айыл аймагына караштуу Таттыбек кыштоосунда 1999-жылкы бала кой кайтарып жүргөндө кар көчкү басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 21-февралда билдирди. Маалыматка ылайык, куткаруучулар "101" кызматына түшкөн билдирүү боюнча саат 21:00дө окуя болгон жерге чыгып, 23:00дөрдө жетишкен.
"Издөө иштерине 10 куткаруучу, РИИБден 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 75 адам, 1 экскаватор тартылган. Натыйжада 21-февраль күнү саат 01:30 чамасында баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.