Алексей Федосеев 26 жашын белгиледи

"Гермес-профинин" тарбиялануучусу, “Супер-Инфонун” версиясы боюнча "2012-жылдын мыкты спортчусу" наамына талапкер Алексей Федосеев 13-ноябрда 26 жашка толду. Жайында К-1 версиясы боюнча профессионалдар арасында Дүйнө чемпиондугун жеңип алган мушкер туулган күнүн кантип тосконун super.kg`ге айтып берди: “Менин жакындарым Орусияда жашашат. Туулган күнүмдө алгач апама чалып куттуктадым. Ал мени куттуктады. Кечке жуук машыктыруучубуз Александр Воинов баш болуп, федерацияда чогулуп аш жедик. Клубдаштарым туулган күнүм менен кызуу куттукташып, керектүү нерселерди алып ал деп көбүнчө акчалай белектерди беришти. Федерациядан кийин кичинекейимен бирге чоңойгон достор болуп караокеге барып белгиледик. Таң аткыча ырдадык. Ошентсе да мен үчүн баарынан унутулгус белек Орусияда жашаган Валентина аттуу карындашымдын туулган күнүмдө уул төрөгөнү болду. Жээниме Евгений деген ат коюшуптур”,- дейт Алексей. “А сүйлөшкөн кызың эмне белек берди?”- деген сурообузга: “Мен үчүн анын белеги эмес, көңүл буруусу маанилүү. Ал мага жактырган атырымды белек кылды”,- деген жообун узатты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан