Швеция Украинага 157 миллион долларлык аскердик жардам көрсөтөт. Бул тууралуу падышалыктын коргоо министри Пол Жонсон билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"Өкмөт Украинанын жаңы аскердик мүмкүнчүлүктөрү үчүн 1,5 миллиард швед кронун (157 миллион доллар) бөлүүнү чечти. Ал 10дон ашык жаңы "Archer" артиллериялык куралынан, алыскы аралыкка жана суу астындагы мүмкүнчүлүктөрдөн, ошондой эле чоң логистикалык колдоодон турат",- деп жазган Жонсон X социалдык түйүнүндө.
Март айында бул өлкө Украинага ири жардам берилерин айткан.