Баткенде 18 тонна кургатылган жемишти уруксат кагазы жок киргизүүгө аракет кылган жарандар кармалды

Баткен облусунун Карабак аймагында бүгүн, 22-февралда Баткен чек ара бөлүмү тарабынан 18 тонна контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматы кабарлайт.

"Кыргыз өлкөсүнүн 2 жараны Тажикстандан Кыргыз жергесине 18 тонна кургатылган жемиш алып кирүүгө аракет кылып жатышкан жеринен кармалышты. Бул жүктү киргизүүгө уруксат кагазы болгон эмес", - деп жазылат маалыматта.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар жана жүк Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлгөнү маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
baltabai
2017-02-22 13:17:20
Андан көрү базарга алып барып сат
0
ady-88
2017-02-22 13:30:47
Шапкасын райымбек миллиондун солдаттарына бербей койсо керекда.
+4
bond02
2017-02-22 14:18:07
Таможный союзга кирдик эми чет олкого Баткенден орук башка жерлерден эт сут экспорттойбуз деп ишендиришпеди беле азыркы бийликтегилер эми башка олкодон мындай жемиштер Кытайдан эт келип жатканын кандай тушунсо болот.
0
madiyar1
2017-02-22 14:54:55
Кургатылган жемиш наборот Таджикистанга кириш керекко Милициялар адашып кармашканго...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан