Бишкектеги жол кырсыгына себепчи болгон Орусия элчилигинин кызматкери өлкөдөн чыгып кетти

Бишкектеги жол кырсыгына себепчи болгон Орусия элчилигинин кызматкери өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 22-февралда аталган элчиликтен тастыкташты.

Жол кырсыгы 16-февраль күнү Бишкектеги Фучик көчөсүндө болгон. Анда Орусия элчилигине таандык Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес Бенц Спринтер унаасы сүзүшкөн. Жыйынтыгында Мерседес Бенц Спринтердин айдоочусу 62 жаштагы Евгений Лексин ооруканадан каза тапкан.

Жол кырсыгы болгон учурда элчиликтин унаасынын ичинде "Роснефттин" кызматкери Игорь Рясный да болгон. Кырсыктын күбөлөрү анын рулда отурганын айтышкан. Орусия элчилиги бул маалыматты төгүндөп, рулда Виктор Пухов болгонун баса белгилешүүдө. Айрым маалымат каражаттары алардын өлкөдөн чыгып кеткенин жазышкан. Бирок Орусия элчилигинин өкүлү Дарья Пахомова кечээ, 21-февралда Виктор Пуховдун Бишкекте экенин айткан болчу. Ошондой эле ал Игорь Рясный тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин кошумчалаган.

Кырсык түшүрүлгөн видеодо элчиликтин унаасы жол чырак кызыл күйүп турганда, катуу ылдамдыкта келип, жүк ташуучу "Мерседести" сүзгөн. Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши да козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
jigit.paren
2017-02-22 18:03:26
Мына өзү ушундай болмок биздикилер эч нерсе кыла алышпайт.
+7
senchi
2017-02-22 18:12:16
Колдорунан эч нерсе келбейт
+4
Gknb.life
2017-02-22 18:37:20
"Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши да КОЗГОЛГОН"
Бирок ал иштин аягы качан, кандай бутот белгисиз.
0
Gknb.life
2017-02-22 18:44:34
Кыргыз жараны каза болду,
ким кунолуу экени белгилуу,
аны тастыктаган далил (видео) колунарда турса - кантип колунардан эчтемке келбесин... же ал айдоочунун "кол тийбестик" - деген укугу бар бекен.
+2
ady-88
2017-02-22 18:50:06
Ошо кол тийбестик мандаты барда булардын. Озу бут эле олкодо дипломаттардын кол тийбестик макамы бар.
0
bond02
2017-02-22 19:01:45
Кыргызстандан убактылуу чыгып тур унутулганда кайра келесин дешсе керек да.
+4
dina1983-19
2017-02-22 19:15:24
Законунду урупда ойнобойм деп кетип калыптырда
+6
kenjebek_a
2017-02-22 19:33:42
Далил турса,даана тартылган видио бар.Белизгейт операциясындагыдай даана тартылган.Анан кандай чыгып кетет.Эми ушунун аягына чыгалбаган бийлик жон эле кетип калгыла.Кыргызстанда кыргыз жаранын коргой албаган бийлердин кимге кереги бар.Ансыз да Эл озун озу эптеп жатат.Жок дегенде олгондун укугун туугандарына коргоп бериш керек же Эл озу бутурот.
+4
Nevestkaa
2017-02-22 20:29:45
16сында болсо 22сине чейин беймарал жасай турган ишин бүтүрүп достору мн коштошуу кечесин да өткөзгөн чыгаар.Биздикилер аэропортко чейин жеткирип койгону бештен белгилүү да.Биздин закон бизге окшогон чөнтөгү жыртыктарга иштейт эмеспи.
+5
BekAmir
2017-02-22 21:00:11
Ал Олкодон чыгып кеткен жок, чыгарып жиберишти...
+5
Ronaldo.99
2017-02-22 21:21:15
Тоо кордунбу?
Жок.
Бээ кордунбу?
Жок.
+5
semo
2017-02-23 09:18:49
Биздикилер качып кеткендерди сыртынан өкүм чыгарып кесип ирет ко он жылга ошентишет да дипломатпы министирби закон баарына бирдей жооп берсин балким унааны мас абалында башкарып жүргөндүр ушуга окшогон кылмыштарды жаап жашыргандар аллахтын жазасын алышсын
+2
Telmanbael
2017-02-23 10:01:04
ХХХ десе арданасыңар, качан оңолосуңар билбейм
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан