Бишкекте шаар тургуну 3 килограммга жакын маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
21-февраль күнү оперативдүү алынган маалыматтын негизинде Бишкек шаарынын тургуну, 1966-жылы туулган М.Жнын турак үйү текшерүүгө алынган. "Нани" аттуу үйрөтүлгөн иттин жардамы менен үйдүн чатырынан 2 килограмм 790 грамм героин табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.