Баткенде 2016-жылы жол кырсыгы көбөйүп, каза болгондордун саны жогорулаган

2016-жылдын 12 ай ичинде Баткен облусунун аймагында 291 жол кырсыгы катталып, 2015-жылга салыштырмалуу 12ге көп болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин пресс кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 60 адам жол кырсыгынан каза болгон, ал эми денелеринен ар кандай жаракаттарды алгандардын саны 461. Бул көрсөткүч өткөн жылдан 21ге көп.

"Ал эми жаш өспүрүмдөрдүн катышуусу менен облус аймагында 70 жол унаа кырсыгы катталып, өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу 9га көп. Анын натыйжасында 12 өспүрүм каза болуп, 76 өспүрүм денелеринен ар түрдүү жаракаттарды алышкан", - деп айтылат маалыматта.

2017-жылдын 21-февралында Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында жана Сүлүктү шаарында Баткен ОИИБинин Патрулдук милиция бөлүмү менен бийлик өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен биргеликте жаш өспүрүмдөр катышкан жол унаа кырсыгын алдын алуу боюнча профилактикалык үгүт-насаат иштерин жүргүзүү менен биргеликте, жаш өспүрүмдөрдүн жол кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу боюнча ата-энелерине түшүндүрүү иштерин өткөрүштү. Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн автоунааны айдабоо жагын эскертип, административдик жоопкерчиликке тартып, айып төлөө жагын эскертишти.

Бул иш-чаранын негизги максаты облус аймагындагы жол коопсуздугун сактоо, жол кырсыктарын алдын алуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurbekasr
2017-02-23 09:20:48
Ичип алып айдаса кокустуктар болот да анан.Мен ар дайым эле мас таксисттерге туш болуп калам,айрыкча Халмион айылындакы базардын жанында мас шофёрлор коп болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан