Бүгүн, 24-февралда саат 11:00 чамасында Бишкектеги Жибек жолу - Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда жана Ниссан үлгүлөрүндөгү жол тандабастар сүзүштү. Кырсыктан улам жабыркагандар жок. Күбөлөрдүн айтымында, Хонданын айдоочусу унаа токтотуучу жайга жолдун ортоңку тилкесинен оңго буруп токтотууга аракет кылганда, артындагы Ниссан аны оң жагынан өтүүгө аракеттенген. Жыйынтыгында Хонданын оң жагы чийилип, күзгүсү сынып калды. Ниссандын сол жагы чийилип, сол дөңгөлөгү жарылды. Эки айдоочу тең бири-бирин күнөөлөшүүдө. Учурда алар МАИ кызматкерлерин күтүп жатышат.