Жайыл районунда 42 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелген жаран кармалды

Жайыл районунда 42 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-февраль күнү саат 18:20 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Ново-Николаевка айылындагы талаадан аялдын жансыз денеси табылганы айтылган. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, маркумдун 42 жаштагы Б.А. аттуу жергиликтүү тургун экенин аныкташкан.

Бул кылмышка шектүү катары маркум менен бирге жашаган 30 жаштагы Б.Б. кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Djal1987
2017-02-27 14:28:33
Жаман кабарлар тажжаттыыыы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан