Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери баңгизатты мыйзамсыз сактап, сатканга шектүү жаранды кармоо боюнча атайын иш-чара өткөрүшкөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
"Түштүк борбордун көчөлөрүнүн биринде кызматкерлер Алай районунун тургуну, Бишкек шаарында жашаган 1975-жылкы А.Тнын "БМВ" үлгүсүндөгү унаасын токтотушкан. Текшерүүгө алганда, унаанын ичинен бөтөнчө жыттуу белгисиз зат табылган. Экспертиза 1 килограмм 116 грамм болгон салмактагы зат гашиш экенин аныктаган", - деп жазылат министрликтин маалыматында.
Бул факт боюнча кылмыш иши ачылганы белгилүү болду. Ал эми кармалган жаран мурун да, ушундай эле иш менен соттолгону аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда иликтөө иштери уланып жатат.