2010-жылы Таласта уурдалган Калашников пулемёту милицияга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-февраль күнү ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгына 20 жаштагы И.Ы. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Аламүдүн районунун Байтик айылына жакын жерде Калашников пулемётун октору менен таап алганын айтып, өткөрүп берген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
ИИМдин маалыматына ылайык, пулемёт 2010-жылы Таласта болгон окуя учурунда уурдалган.