Чүйдө "эки жашар баланы катуу сабап, зордуктады" деп шектелген жаран өмүр бою, жубайы 15 жылга эркинен ажыратылды

Бүгүн, 28-февралда Аламүдүн райондук соту “катуу сабалып, зордукталды” делген 2 жаштагы баланын окуясы боюнча айыпталгандардын ишин карап, өкүм чыгарды. Ага ылайык, жабырлануучунун атасынын агасы өмүр бою, ал эми анын аялы 15 жылга эркинен ажыратылды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси 2-бөлүк, 3,6,7,15-пункттар боюнча (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) айып коюлду. Соттолгондордун жактоочусу Бакыт Асамудинов Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирди.

Айта кетсек, 2015-жылдын 11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары баланын атасынын 47 жаштагы бир тууган агасы Жаныбек Тулебеков жана анын аялы Айзада Аккөзова эки айга камакка алынган. Кийин баланын атасы да камакка алынып, ал 2 жылга жатак-абагына кесилген.

"Эки жаштагы баланы сабап, зордуктады" деп шектелген жаран соттолду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
meni_kut
2017-02-28 17:31:14
Супер инфо,Учурда баланын ахыбалы кандай?каерде?Бир ооз сурап койгулачы сураныч.
+5
admin_portal
2017-02-28 17:41:45
meni_kut, сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат!
+2
mashirapova
2017-02-28 17:32:21
Олтуруш керек
+2
Nevestkaa
2017-02-28 17:45:02
Ибрагим жөнүндө эч бир маалымат берилбейт да,4жашка чыгып калыптыр да келечегиң кең болсун бактылуу бала бол бул нерселер болбогондой болуп эсиңден чыгып кетсин жаман окуялар....Кудайым ай баарыбыздын балдарыбызды өзүң сакта бүт кырсык ,апааттардан ооомийин.
+12
mira84_kg.com
2017-02-28 17:50:39
Ажаб болушуптур.буларга олум жазасын бериш керек эле
+4
erkekizmin
2017-02-28 18:51:20
Видеодо не деп жатат эч ундоруно тушунбодум. Ал эми зоокурду эми абактагылар эрмектесин. Омур бою. Аялы эне деген атка татыктуу эмес экен. Ощун баламын ордуна крйбойбу
+2
Badu88
2017-02-28 19:05:47
Зөөкүр түрмөдө чирип олсон экен сен кыйналып азап тарткан сайын Ибрагимге сооп жазылат баланын омуру узун болсун өткөндү унуттуруш керек бул баланын келечегине мамлекет көңүл буруу керек анткени көп азап тартты аны билип эмне кыласынар коомдун көзүнөн оолак кармоо керек кийинки келечегине жакшы болот болду бул теманы башка козгобош керек таптакыр унутуш керек эл дагы башкалар дагы Ибрагим жаңы төрөлгөн баладай бул көргөн күндөрү болуп көрбөгөндөй өсүш керек Кудайым буюрса келечеги алдыда
+6
Badu88
2017-02-28 19:08:46
Админ сураныч териштирбей эле койгула тынч жашасын таптакыр унуткула болду
0
meni_kut
2017-02-28 19:36:05
Badu88,Ким кандай шартта карап атат?Баланын апасы баласын таштап куйоого тийип кеткен,атасы жатак абакта.Балага материалдык жардам керектир..Акыркы жолу ооруканада,комада эле,тамак ашы кантти экен...
-1
Badu88
2017-02-28 20:01:33
meni_kut, баланы караганга адамдар толтура жерде калбайт мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулган президент да көңүл бурган биз ойлогондон да жакшы шартта каралып аткандыр атасы апасы алар эмне болсо ошол болсун аларды ата энелик укуктан ажыратып салыш керек
0
meni_kut
2017-03-01 03:11:26
Badu88,Менде да уул бар,Ибрагим комадан чыктыбы абалы кандай,мени тынчсыздандырат.
+1
Badu88
2017-03-01 20:43:06
meni_kut,бала комадан чыккан акыркы берген маалыматка таянсак бала күлүп калды дешкен кабатыр болбой эле кой менде дагы уул бар биз өзүбүздүн балдарга кам көрөлү Ибрагим кудай колдогон бала буюрса жакшы келечек күтүп турат деп ишенем
0
erkeleim
2017-02-28 19:29:37
Админ куйоосун жиликтеген келиндин соту эмне болду?
+1
meni_kut
2017-02-28 19:33:08
erkeleim,келин камалды
+1
surgeon777
2017-02-28 21:56:14
erkeleim,ал 16 жылга кесилген,бирок жыл сайын кыскартышып,амнистияга илештирип,аркы-берки кылып атышып 3-4жылда чыгарышат да...
0
Ulan2601
2017-02-28 19:35:57
Биздин сотторго тан каласын кээде ушунчалык адилеттуу болуп кетет молодец бул чечим туура болуптур ал эми баласын козунчо зордуктагандын соту кайра кароого жонотулуптур ага ушундай чечимди колдонбойбу?
+2
DNurgiza
2017-02-28 21:53:46
ии, кичинекей наристе ушунча кордолдубу????

2015-ж деп турат ко, жеңеси да билиптир беле?
Кудай ай, ушундай нерселер такыр болбосо экен(((
+1
Albina10
2017-02-28 21:55:03
Камалгандардын 5баласы бар элего алар эмне болушат ушунуда аныктап койсоңор болмок Супер инфо
-3
Badu88
2017-02-28 21:58:47
Albina10, балдарын ойлосо ушул ишке бармак эмес
+2
mira28
2017-03-01 02:41:00
Озу да огуздой болгон киши экен бироок мээ жок экен да муштумунун жарымындай балага кучун корсоткон айбан.Ушул чечим туура болуптур.Турмодо чирисин.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан