КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков жол кырсыгына кабылды. Окуя 1-мартка караган түнү Бишкек шаарындагы Түштүк магистралда болгон. Учурда ал Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборуна жеткирилди, абалы оор. Жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова SUPER.KG порталына билдиргендей азыркы тапта И.Карыпбековго операция жасалууда.