Илим Карыпбеков Рендж Ровер унаасы менен жол жээгиндеги түркүктү сүзүп алган. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 1-мартка караган түнү саат 03:19 чамасында Аалы Токомбаев көчөсүндө болгон. Анда Илим Карыпбеков Рендж Ровер унаасы менен чыгышты карай баратып "Сенатор" кафесинин каршысында жол кырсыгына кабылган.
Учурда ал Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий борборунда. Башкы дарыгер Алмаз Кубатбековдун айтымында, ага операция жасалып жатат.
Алдын ала маалымат боюнча, Илим Карыпбеков унаада жалгыз болгон. Жол кырсыгынын кесепетинен көкүрөк клеткалары жана ички органдары жабыркаган.