Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында май куюучу жайын тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектγγ катары Жалал-Абад облусунун 25 жаштагы А.Т. аттуу тургуну жана Чуй облусунун 18 жаштагы Э.М. аттуу жашоочусу ошондой эле θзгѳн районунун 25 жаштагы М.А. аттуу тургундары кармалышкан.
"Май куюучу жайдын эки кызматкерин үстүбүздөгү жылдын 9-январында тапанча менен коркутуп, тоноп кеткен делген тургундар убактылуу кормоочу жайга киргизилди. Учурда аталган факт боюнча тергөө амалдары жγргγзγлγγдө", - деп билдирди басма сѳз кызматы.