1-мартка караган түнү Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүндө КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков жол кырсыгына кабылган. Патрулдук милиция кызматкерлеринин айтымында, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда. Кырсык "Сенатор" ресторанынын каршысында болгон. Рендж Ровер үлгүсүндөгү унаасын башкарып келе жаткан Илим Карыпбеков жолдон чыгып, темир түркүктү сүзүп алган. "Тез жардам" кызматы аркылуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий борборуна жеткирилген. Ага операция жасалып, абалы оор бойдон калууда.