Түштүк Кореяга кетем деген жарандардын аты-жөнүн өзгөртүп, корей аялга үйлөнткөндөргө кылмыш иши козголду

Бишкектеги жарандык абалдарды каттоо бөлүмүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын июнь айынан сентябрь айына чейин Бишкектеги Ленин, Свердлов, Октябрь жана Биринчи Май районунун жарандык абалдарды каттоо бөлүмдөрү жасалма жол менен Түштүк Кореяга кетиш үчүн 56 Кыргыз жаранынын аты-жөнүн өзгөртүп, аларды мыйзамсыз ажыраштырып, кайра никеге тургузуу иштерин жүргүзүшкөн.

Жогорудагы аталган бөлүмдөрдүн кызмат адамдары "Б.А.ЛТД" ишканасы менен сүйлөшүп алышып, материалдык пайда табыш үчүн мыйзамсыз иштерди жасап келишкен. Мындан улам аларга "кызматтык жасалмачылык", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголду. Ишти иликтөө үчүн топтолгон материалдар УКМКга жөнөтүлдү.

Буга чейин Марат Акылбеков аттуу жаран SUPER.KG порталына кайрылып, "Бишкек Альянс" компаниясынын Сайкал, Жоомарт аттуу кызматкерлерине Кореяга виза ачтыруу үчүн 6000 АКШ долларын берип, жыйынтыгында алданып калганын билдирген. Анын айтымында, керектүү документтин баары тез аранын ичинде даяр болуп, бир заматта Ким Анатолий деген корей ысымына ээ болууга да жетишкен. Чогулган жасалма документтерди алып Кореянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигине виза ачтырууга барган Акылбековго элчилик виза ачып берген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kubanvod
2017-03-02 10:17:24
Эми корейлерге уят болбой эле келучу. Алар дагы такыр киргизбей коюшса жаман болот, Кореяда да коп го кыргыз туугандарыбыз!
+2
munduz2016
2017-03-02 11:42:51
Кыргызымдын кылбаган иши калбады го чиркин.
+2
TARNADO
2017-03-02 13:08:33
байкуштар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан