Ошто 11 жаштагы баланы сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу аял кармалды

Ошто 11 жаштагы баланы сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Чолпон Арстанбеков билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсүндө үстүбүздөгү жылдын 5-январь күнү катталган. Анда 11 жаштагы баланы белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде кылмышка шектүү катары 46 жаштагы аял 25-февралда кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Luna15
2017-03-02 13:54:11
аялдын оз балдары жок немего энелик мээрими жок кантип качып кетти журогу чыдап
+5
Leilektik
2017-03-02 14:01:01
Luna15,шок абалында качып кететда,сиз озунузду ордуна койуп корунуз сизда качмаксыз 10баланыз болгон чактада,жакшы табышыптыр бул милициялардын аракети еми жазасын алат !!!
+1
Luna15
2017-03-02 17:07:00
Leilektik,кудай сактасын,бирок,бул аял баланын омурун ойлобой качып кетип отурат,шок болмок тугул мин балекет болсо дагы
0
Tunerbei1812
2017-03-02 18:44:30
Leilektik, сага окшоп ой жугурткондор канча убакыт шок болуп, канчага чейин качып журот? Адамдын абийири болсо качпайт. Милиция таппаса эмне журо бериш керекпи качып. Журогу, боору таш неме тура аял болгону менен.
0
BekAmir
2017-03-02 14:04:38
Кандай болгон кундода качпашы керек. Ооруканага алып барбайбы качпай. Камаш керек албарстыны
+2
Hadyja
2017-03-02 16:10:38
Шок болгону озу учун,балага жардам бериш керек болчу.Машина айдаар алдында ойлонуш керек,эч кимди сузуп албайын деп,сузуп алсам,жардам берууго милдеттуумун деп,эгер кырсык болуп кетсе.
+1
baltabai
2017-03-02 17:14:13
Oshtun kaerinde eken
Adimin
0
kanimjan92
2017-03-02 21:39:20
baltabai,Р.Абдыкадыров кочосу Черемушки микрорайондо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан