Бишкекте жер тилкесин сатып берем деп шаар тургунунан акча алып, бербей жүргөн аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө 42 жаштагы М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 2014-жылы А. аттуу аял жер тилкесин сатып берем деп 2300 доллар алып, ошол боюнча дайынсыз экени айтылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 42 жаштагы А.А. кармалып, №1-СИЗОго киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RaHat19
2017-03-03 08:13:26
Суроттун берип койгулачы мен да жер алдым эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан