Ошто "44 жаштагы тургунду бычактаган" деп шектелип Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 15-февралынан 16-февралына караган түнү "Изюм" аталышындагы ресто-барда белгисиз адамдар 44 жаштагы Т.А. аттуу жаранды бычактап кетишкен. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. 17-февраль күнү бул кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Б.М. кармалган. Ал эми 3-март күнү жогорудагы кылмышка шектелгендердин дагы бири 1984-жылы туулган Р.Н. (сүрөттөгү адам) колго түшкөн. Ал К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Учурда кармалгандар тергөө абагына киргизилишип, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek2070
2017-03-06 16:16:05
Ушул кылмыштуу топту ким туп тамырыначеин жок кылат экен, качангачеин ушинтип журо беребиз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан