"Мен түрмөгө отуруп калуудан коркпойм, көнүп деле калдым. Ошондой эле эч качан саясаттан кетпейм". Бул сөздү 2-майда "ата журтчу" депутаттар боюнча соттук отурумда Камчыбек Ташиев айтты. Анан да айыпталуучу депутат буларды кошумчалады:
"Мени эмнеге мыйзамсыз камап жатышканын түшүнөм, себеби мен саясатчымын. Бул толугу менен саясаттын иши. А бирок менин жанымдагы саясатка байланышы жок адамдарды неге камап жатышат, түшүнбөйм. Аларга толугу менен кепилдик болуп берет элем, мени калтырсаңар дагы, жанымдагы айыпталуучуларды сот залынан бошотууну суранам".
Айта кетсек, бүгүн "ата журтчу" депутаттардын иши Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.