Мексикада 1-июнда өтүүчү тай бокстун К-1 (WKC) түрү боюнча Дүйнөлүк чемпиондугуна кыргызстандык эже-сиңди Валентина менен Антонина Шевченколор катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Валентина Шевченко өзүнүн “Дүйнө чемпиону” наамын коргоп, Мексиканын боксчусу Тани Гонзалес менен беттешет.