Үстүбүздөгү жылдын 14-мартында Нарын облустук соту Кочкор районунда 2 кызын тумчуктуруп өлтүргөн аялдын ишин карады. Анда соттолуучуга карата Кочкор райондук сотунун өкүмүнүн жаза чектөө бөлүгү өзгөртүлүп, жазасын аялдардын катуу тартиптеги түзөтүү абагында өтөсү белгиленген. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган.
Айта кетсек, 2016-жылдын 16-октябрь күнү саат 12:00 чамасында милицияга Кочкор районуна караштуу Чекилдек айылындагы үйлөрдүн биринен 2013-жылы туулган Эльвира жана 2014-жылы туулган Раяна аттуу кыздардын жансыз денелери табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча ыкчам изилдөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары кыздардын 30 жаштагы апасы кармалган. Иликтөөдө шектүү кыздарын пакет менен тумчуктуруп өлтүргөнү аныкталган.
2016-жылдын 28-декабрында Кочкор райондук соту кыздардын апасы Айнура Курманалиеваны Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле жазасын аялдардын түзөтүү абагында өтөй турганы белгиленген. Бирок Нарын облустук прокуратурасы кассациялык тартипте Нарын облустук сотуна сунуш келтирген. Сунушта соттолуучу өзгөчө оор кылмыш жасагандыктан жазасын катуу тартиптеги аялдардын түзөтүү абагында өтөсү керектиги айтылган.