Бүгүн, 2012-жылдын 15-ноябрында Сотторду тандоо кеңешинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна судьялыкка талапкерлердин экинчи туру өтөт. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди. Сынактын экинчи турундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьялыгына талапкерлердин тизмеси:
1. Тажибаев Абибила Кадырович - Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы
2. Алымкулова Бактыгул Эмиловна - Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы
3. Батыралиев Болотбек Бакирович - Талас облусунун Манас райондук сотунун төрагасы
4. Берюева Анаркуль Дыйкановна - Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы
5. Маткасымов Алтымыш - Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун төрагасы
6. Омурканов Каныбек Кыдыкович - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы
7. Сабитова Жамиля Сабитовна - Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы